"Күйөөсүн кызганган аял 26 жаштагы кызды өлтүрүүгө киши жалдаган". Төмөнкү Ала-Арчадагы үрөй учурган кылмышка шектүүлөр кармалды

26-сентябрга караган түнү Чүйдүн Төмөнкү Ала-Арча айылында үрөй учурган окуя катталган. Анда үйгө бастырып киргендер 26 жаштагы кызды өлтүрүп, анын атасын бычактап кетишкен.

Учурда шектүүлөр кармалды. Алар 31 жаштагы Б.Ж. жана 28 жаштагы О.А., 31 жаштагы К.Ч. аттуу жарандар. Тергөөнүн алдын-ала версиясы боюнча кылмыш иши кызганычтын айынан келип чыккан. Анда аялы күйөөсүн маркум кыздан кызганып, аны өлтүрүүгө өзүнүн айдоочусу менен досуна буйрутма берген. Учурда териштирүү башталып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Белгилеп кетүүчү жагдай, ИИМдин, Чүй ОИИББинин жана Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылдаттык менен жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүүлөр кармалышкан.

26-сентябрь күнү болжол менен саат 02:50 чамасында үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Алар 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап, андан соң качып кетишкен. Натыйжада алган жаракаттарынын негизинде 26 жаштагы кыз көз жумуп, ал эми эркек киши Бишкектеги ооруканалардын бирине жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jazmina909090
2020-10-15 11:20:15
Тобааа кызганыч эмнеге гана алып барбайт.Элибизге Кудайым жүрөктөрүнө ыйман ынсап берсин.Тан калам ушундай адамдарга эркектер үйбүлөңөр туруп башкага эмне себептен көз салганыңар да айдан ачык белгилүү.Ал эми кыздарчы койкоңдошуп куйруктарын бултадатып кимге көрүнгүлөрү бар күнөөгө батып Аллахтан корккула жеңил ойлуу болбогула.Эркектерге не ат айланып казыгын табат өзүңөр эле пешка болосуңар.Эркектин сөздөрүнө ишенбегиле көп
+15
Pchelka85
2020-10-15 11:24:38
Вот в чем дело.... "карга да баласын аппагым дейт"... бейиши болгул кызда да куноо бар экен да... ооба канчалык куноолуу болбосун эч кимдин олтурууго укугу жок болчу.. но балким ошого жеткирсе керек.... эми тергоодо билинет да. Телефон чалуулар
Смс тер дегендей... темболее уй булоолуу эркекке коз арткан.. аттин.. анан жаш кызга коз арткан ошол уй булоонун Эркегине да наалат...
+15
Omyrova
2020-10-15 14:38:37
Айдоочусу болсо,колунда бар семьялар го.Көпкон эркек,акчага алданган кыз,кызганган аял...эх турмуш...Баарына АКЫЛ бергенде,бул окуя орун алмак эмес...
+16
ZHaziko
2020-10-18 14:30:48
Менин оюумча. Туура эле кылган. Ушундай бироонун Уй булосу менен ойногондор учун олум жазасын киргизсе жакшы болмок.женил ойлуу кыздар кобойду. Профессионал эле киллерге заказ берсе болмок. Акыры олтуром деп чечкен сон.
+1
ZHaziko
2020-10-18 14:32:38
Жазаны куйоосуно да беруу керек. Чыныгы куноокор ошол болуп жатпайбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан