Кыргыз өлкөсүндө ушул жылдын 9 айында 27 миң 679 өлүм катталса, өткөн жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 24 миң 610 адамдын өлүмү катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 9 айында Кыргыз өлкөсүндө 114 миң 823 ымыркай төрөлгөндүгү катталган. Былтыр бул мезгилде төрөлүү 15 миң 117ге көп катталган.
Кыргыз өлкөсүндөгү төрөлүүнүн статистикасы (2020-2019-жыл)