Эртең, 16-октябрда айрым жерлерде жаан жаап, тоолордо кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +16...+21;
Талас облусунда түнкүсүн +3...+8 үшүк жүрөт, күндүз +15...+20;
Баткенде түнкүсүн +7...+14, күндүз +17...+22 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8...+13, күндүз +19...+24;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +2...+7, күндүз +13...+18;
Нарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +14...+19;
Тоолордо түнкүсүн -8...-13, ал эми күндүз 0...-5 болот.
Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен жаан жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт. Шамалдын согушу батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +9...+11, күндүз +18...+20 градус болот.