Саламаттыкты сактоо министрлигинин жамаатына жаңы жетекчи Алымкадыр Бейшеналиев тааныштырылды

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Саламаттыкты сактоо министрлигинин жамаатына жаңы жетекчи – Алымкадыр Бейшеналиевди тааныштырды.

Вице-премьер-министр жаңы жетекчини тааныштырууда белгилегендей, ушундай кыйын кырдаалда күч-аракетибизди бириктирүү менен саламаттыкты сактоо тутумундагы маселелерди, биринчи кезекте COVID-19 илдетине каршы күрөшүү маселесин чечүүбүз зарыл.

«Күн сайын COVID-19 илдетин жугузуп алгандардын саны өсүүдө. Медициналык мекемелердин даярдыгы, мобилдик бригадаларды комплекттөө, зарыл дары-дармек каражаттары менен камсыздоо, кадрдык ресурсту даярдоо – биздин алдыбызда турган артыкчылыктуу милдеттер. Буга катар коронавирустан башка оорулардын алдын алуу жана дарылоо маселеси да көңүлдүн борборунда болушу абзел», - деп жыйынтыктады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AdylbekB84
2020-10-15 16:02:14
Тезирээк Кыргызстанда тартип орноп саясий оюундар токтобосо вирус менен элибиз кырылып калышыбыз толук мүмкүн, казынада дары дармек сатып алганга акча жок, дүйнө жүзү финансылык жардам бербесе, Россия дагы отказ бериптир бүгүндөн баштап жардам берилбейт деп! Риа новостиге чыкты!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан