"Канат Исаев кетпесе резиденцияга барабыз". Митингге чогулгандардын саны көбөйүүдө

Бүгүн, 15-октябрда өкмөт үйүнүн алдына Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылгандар чогулган. Митингге келгендер кийинчерээк "Ала-Арча" резиденциясына жакын "Ысык-Көл" мейманканасынын алдына барышты.

Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткенин расмий түрдө жарыялады. Ал эми азыркы учурда чогулгандар Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаевдин кетишин талап кылышуда. Чогулгандар эгер Исаев кетпесе резиденцияга, андан ары Канат Исаевдин үйүнө барышарын айтышууда.

Учурда "Ысык-Көл" мейманканасына чогулгандардын саны барган сайын көбөйүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond02
2020-10-15 17:13:51
Резиденцияда эмненер бар э, кеткиле да уйунорго. Сооронбай кетти, кеткиле силер дагы.
-3
Tymar
2020-10-15 17:48:49
Сыймык менен Садырдын фанаттары
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан