Бишкек-Ош унаа жолунда айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, эки жаран каза болду

Бишкек-Ош унаа жолунда айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, эки жаран каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 15-октябрга караган түнү саат 03:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 200-чакырымында болгон.

Анда Баткен облусунун 1973-жылы туулган тургуну Lexus RX 300 унаасы менен түштүктөн түндүккө карай бара жаткан. Натыйжада айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана 1949-жылы туулган жүргүнчү каза болгон. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuyoo_bala
2020-10-15 19:10:44
Уктап кетсе керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан