Өкмөт үйүнүн алдына топтолгондор Садыр Жапаров келгиче музыка угуп турмай болушту. Митингге келгендердин бири сөз сүйлөп туралыбы же дегенче болбой көпчүлүк музыка коюп турууну айтышты. Андан кийин музыка жаңырып, митингчилер телефондорунун жарыктарын күйгүзүштү.
Бүгүн, 15-октябрда өкмөт үйүнүн алдына Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылгандар чогулган. Митингге келгендер кийинчерээк "Ала-Арча" резиденциясына жакын "Ысык-Көл" мейманканасынын алдына барышты.
Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткенин расмий түрдө жарыялады. Учурда чогулгандар өкмөт үйүнүн алдына Садыр Жапаров келишин күтүп жатышат.