Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 77 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, маркумдун денеси 15-октябрда саат 19:50 чамасында табылган.
"Шаардык куткаруучулар тарабынан Турусбеков көчөсүндөгү №48 көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринин жабылып калган эшиги ачылган. Анда батирден 1943-жылы туулган аялдын жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - дешти мекемеден.