Кочкор районунда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 5 адам ар кандай жаракат алды

Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 5 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-октябрь күнү саат 03:50дө Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 230-чакырымында, тактап айтканда, Сары-Булак айылында Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2008-жылы туулган 1 эркек бала каза болгон. Ал эми эки эркек, 2 аял жана бир жаш бала ар кандай жаракаттарды алышкан.

Жерине Кочкор райондук 4 куткаруучу тартылып, каза болгон адамды унаадан чыгарышып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамдарды "Тез жардам" кызматкерлери Кочкор райондук ооруканасына алып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан