Жалал-Абад облусу Таш-Көмүр шаарында 9-октябрь күнү Нарын дарыясына 1949-жылы туулган эркек адам түшүп кеткен.
Маалыматка ылайык, 15-октябрь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 8 куткаруучу тартылып, натыйжа болгон эмес. Туугандарынын ыраазычылык катынын негизинде издөө иштери токтотулду.