Кечээ, 15-октябрда отставкага кеткенин жар салган президент Сооронбай Жээнбековдун кичи мекени Кара-Кулжадагы үйүнүн сүрөтү жарыяланды.
Сүрөттөрдү тарыхчы Кыяс Молдокасымов социалдык тармактагы жеке баракчасына жүктөдү. Тарыхчы өз билдирүүсүндө, үч жылдан бери Жээнбеков үйүнө барып, тынч уктай электигин, эми анын кадимки жашоосу баштала турганын жазган.
"Ажонун айылдагы жай жашоосу башталат. Бул үй бүгүн эле кызматтан кеткенин билдирген Сооронбай Шариповичтин Кара-Кулжадагы үйү. Туура үч жылдан бери бул үйүнө барып кеңири уктай да элек болчу. Ага протокол деген балекет жол берчү да эмес. Эми өз кызматынан элинин амандыгын, мамлекеттин бүтүндүгүн, тынчтыкты өйдө койгон ээсин бул үй чыдамсыздык менен күтүп жаткан учур.
Өз өлкөсүнөн өңгө жакка качып баш калкалап калбаганына, түбөлүк зарыга күттүрбөй калганы үчүн жансыз үйгө жан бүтүп сүйүнүп жаткандыр. Айта турган, жаза турган көп сөз бар эле, ансыз да жаны ачып турган ажонун жарасына түз сеппейин, жай турмушта айтайын деп токтоттум. Бул сүрөттү туура 50 күн мурда короолош жашаган эң кенже карындашым менен күйөө баламдын үйүнө барганда тартып алдым эле. Эмнегедир бүгүн бөлүшкүм келди. Болгону эң кайгырганым айрымдардай "жакын кудалык" мамилемдин да пайдасы тийбей 3000 жылдык карт тарыхыбызды изилдөөгө бир жылдан бери бир тыйын бөлдүртө албай үзгүлтүккө учураганы болду!", - деп жазды Молдокасымов.
15-октябрь Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында президент Сооронбай Жээнбековдун отставкага кеткен күн катары жазылып калды.
"Мен бийликке тырмышып калган жокмун. Мен үчүн өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин бүтүндүгү, коомубуздун ынтымагы бардык кызмат ордунан бийик. Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү - баарынан кымбат. Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан президент катары калгым келбейт", - деген Жээнбеков отставка кетип жатып.