Мелис Мырзакматов: "Мектепке жоолук оронуп барган кыздардын укугун тепселебешибиз керек"

"Мектепке жоолук оронуп барган кыздардын укугун тепселебешибиз керек",- деди Ош шаарынын башчысы Мелис Мырзакматов 24-сентябрда мэрияда өткөн жыйында. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Мырзакматов өлкөдө ар ким өзү каалаган динди тутунарын айтып, "Кыргызстан -  демократиялуу өлкө, дин тандоо укугу эркин. Мектептерге бирдиктүү форма боюнча мыйзам жок, ошондуктан Ош мэриясы да мектепке хиджаб кийип барган окуучуларга тыюу сала албайт",- деди. Шаар башчы кыздардын кыска юбка кийип түнкү клубдарда жүрүшүнө караганда, жоолук оронуп түз жолдо жүргөнү жакшы экенин белгиледи.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан