Бишкек шаарындагы Аламүдүн-1 кичи районунда узундугу 1,5 чакырымга жакын заманбап эс алуу жайы ачылды. Ал Чокан Валиханов жана Ауэзов көчөлөрүнүн ортосунда жайгашкан. Бул тууралуу кечээ, 28-ноябрда социалдык тармактын колдонуучусу видео жарыялады.
Сейил бакка отургучтар, стол тенниси үчүн үстөлдөр орнотулуп, шахмат ойноочу жайлар уюштурулган. Мындан тышкары, балдар аянтчалары жана коопсуз резина төшөлмө менен жабдылган спорттук машыгуу жайлары бар.
Жаңы сквер тургундар үчүн сейилдөөгө, спорт менен машыгууга жана үй-бүлөсү менен эс алууга ылайыкталган.