2013-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңештин 5-сессиясынын акыркы отуруму өтүп, депутаттар жайкы каникулга тарашкан. Бул күнкү жыйында эл өкүлдөрү ондогон мыйзам, токтомдорду кабыл алышкан. Алардын катарында ЖКнын мурунку чакырылышында "Ак жол" партиясынан депутат болгон, маркум Санжар Кадыралиевдин үй-бүлөсүнө компенсация төлөөгө жана анын апасына "Баатыр эне" наамын берүүгө ылайыкталган токтом да кабыл алынган. Токтомдо Кадыралиевдин үй-бүлөсүнө 10 миллион сом компенсация төлөө тууралуу сөз болот. Бирок добуш берүү учурунда депутаттар бул документтин маңызын түшүнбөй эле добуш берип коюшуптур. Андагы экс-депутаттын апасына "Баатыр эне" наамын берүү, ири суммадагы компенсация тууралуу эл өкүлдөрү добуш бергенден кийин гана билишип, токтомду жокко чыгарууну талап кылышат.
Бул токтом 24-сентябрда ЖКнын Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинде талкууланып, ызы-чуу менен коштолду.
Вице-спикер Асия Сасыкбаева бул маселе депутаттар жайкы эс алууга чыгарда шашылыш каралганын айтты. "Добуш берүүдөн кийин көпчүлүк депутаттар кайсы маселеге добуш беришкенин билбей калганын айтышты. Андан кийин кеп Санжар Кадыралиевдин үй-бүлөсүнө 10 миллион сом компенсация берүү тууралуу болуп жатканын айтышып, чечимди жокко чыгаруу керектигин билдиришти",- деди Сасыкбаева.
Буга каршы болгон Санжар Кадыралиевдин бир тууган карындашы, учурда ЖКда КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиева апасы 7 бала төрөгөнүн, "Баатыр эне" наамын алууга укугу бар экенин айтып чыкты. Кеп агасынын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүү жөнүндө болуп жатканын айткан депутат: "Анын уулу ата мээримин көрбөй чоңоюп жатат. 10 миллион сом тууралуу ММКлардан билдим. Мен расмий түрдө бул компенсациядан баш тартам, бала бакча же башка балдар мекемесин салууга жумшалсын бул акча",- деп залдан чыгып кетти.
Окуя боюнча депутат Эркингүл Иманкожоева бизге буларды билдирди: "Ыргал бул токтомду юридикалык бөлүмгө басым көрсөтүү менен даярдатканы көрүнүп турат. Бул маселе каралып жатканда мен токтомдун өзү менен таанышып чыгуу үчүн документти сурагам. Бирок Ыргал мага "Эмнеге добуш бербейсиз? Добуш бериңиз! Сиз өлсөңүз сизге да компенсация беребиз" деп кыйкырып салды. Ушул депутаттын айта турган сөзүбү? Уятсыздык. Ыргал экөөбүздүн кимибиз мурун өлөрүбүздү бир гана Кудай билет. Мен документ менен таанышпай туруп эч кандай добуш бербей турганымды айттым. Ал депутаттардын колунда токтом жок экенин билген. Бүгүн "10 миллион сом тууралуу ММКлардан билдим" деп жатат, анысы калп. Муну эң жакшы билген, акча үчүн ушундай уятсыздыкка барып жатат".
Ошондой эле Эркингүл Иманкожоева компенсация тууралуу уккан ЖКнын мурунку депутаты Тынычбек Акматбаевдин атасы парламенттин тийиштүү комитетине арыз менен кайрылганын билдирди.
"Акматбаевдин атасы "Санжар Кадыралиевдин үй-бүлөсүнө компенсация берсеңер мага да бергиле, анткени менин уулум Тынычбек Акматбаев да кызматтык милдетин аткарып жүрүп, колониялардын абалы менен таанышууга барып, абактагылардын колунан мыкаачылык менен каза болгон" деп комитетке арыз берди. 5 миллион сомдук компенсация, анан ай сайын жөлөк пул берип туруу оңой иш эмес. Анын үстүнө Санжар Кадыралиевдин "өздүк делосунда" үйлөнгөн эмес, балдары жок деп жазылган экен. Компенсация бериш үчүн үй-бүлөсү, бала-чакасы бар деген документ болушу керек да. Ошол акчаларды андан көрө башка тармакка жумшасак болбойбу? Ыргалдын бул иштери үчүн Санжардын арбагы деле уялып жаткандыр",- дейт Иманкожоева.
Ал эми "Баатыр эне" наамы тууралуу депутат буларды билдирди: "Апасынын 7 баласы бар экен. Арыз жазса балдарынын бирөөсү кайтыш болгонуна карабай президенттин алдындагы комиссия ал наамды берсе керек. Депутаттын бул жоругуна эл өзү баа берсин, кимдин ким экенин түшүнсүн. Ушундай депутаттар жалпы Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирип жатканын тана албайбыз",- деди эл өкүлү.
Айта кетсек, өлкө жарандарына "Баатыр эне" жана башка сыйлык, наамдарды берүү маселесин президенттин алдындагы атайын комиссия гана чечет. Бул окуя боюнча депутат Турсунбай Бакир уулу менен байланышсак, буларды билдирди:
"Көзү өтүп кеткен мамлекеттик ишмерлердин атын бир жерге ыйгаруу же анын жакындарына жардам кылууга мыйзам жол берет. Санжар Кадыралиевди мен жакшы билчүмүн, мекен үчүн күйгөн жигит болчу. Депутат болуп иштеп турган учурда көз жумду, демек, анын үй-бүлөсүнө компенсация берүү боюнча Жогорку Кеңештин токтом кабыл алышы туура эле. Эгер ал министр болсо, анда токтомду өкмөт кабыл алсын дейт элек. Кызматтык милдетин аткаруу учурунда көз жумган жок деген да туура эмес, депутат деле адам да. Ал эми Кадыралиевдин энесине "Баатыр эне" наамын берүү маселесин президент чечиши керек болчу".
Аталган токтомго депутат Ыргал Кадыралиеванын апасына "Баатыр эне" наамын берүү пунктунун киргизилиши туура эмес болду деген пикирди бизге депутат Дастан Бекешев да билдирди.
"Баатыр эне наамын кимге берүүнү президенттин алдындагы атайын комиссия чечет. ЖКнын комитети же фракциясы кайсы бир адамга "Баатыр эне" наамын берүү тууралуу чечим кабыл алса, аны аталган комиссияга жөнөтүшү керек. Кадыралиеванын энесине андай наам берүү маселеси жанагы токтомдо бар экенин депутатттардын эч кимиси билген эмес. Кадыралиеванын бул аракетин туура эмес деп баалайм",- дейт Бекешев.
Комитет жыйынында ЖКнын иш башкармалыгынын башчысы Алмаз Кожомкулов кеп бир ирет берилүүчү 4 миллион 945 миң сом жөнүндө болуп жатканын айтты. "Ал эми ай сайын төлөнүп туруучу компенсацияны курамына ЖКнын иш башкармалыгынын жана профсоюзунун өкүлдөрү кирген комиссия аныкташы керек болчу",- деди.
Бул маселеге Социалдык өнүктүрүү министрлигинин Мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар боюнча башкармалыгынын өкүлү Чолпон Жумакунова мындай деди: "Эгер аталган токтомду Жогорку Кеңештин юридикалык бөлүмү даярдаса, анда буга биздин министрликтин эч кандай тиешеси жок. Мыйзам боюнча мурдагы депутатка байланыштуу парламенттин токтом кабыл алышы туура эле".
Комитет жыйынында Асия Сасыкбаева Ыргал Кадыралиеванын компенсациядан баш тартам деп айтышы менен маселе чечилбей турганын айтты. "Маселенин этикалык жагы бар, бул - алдоо. Эмне үчүн биздин депутаттар ушундай кадамга барат?". Сасыкбаеванын пикири боюнча бул маселе жана Кадыралиеванын жүрүш-турушу Жогорку Кеңештин жыйынында каралышы керек. Комитет жыйынынын аягында аталган токтомду жокко чыгаруу чечими кабыл алынды. Корутунду ЖКнын жыйынында каралмакчы.
Кыргызстанда депутат болууну каалагандар абдан көп. Балким, анын ушундай мүмкүнчүлүктөрү бар үчүн умтулушаттыр? Эгер Санжар Кадыралиев эмес, өрт өчүрүп жүрүп же чек ара кайтарып жүргөн кызматкер каза тапса, ал маркумдун үй-бүлөсү мамлекеттик казынадан 4 миллион 945 миң сомду компенсация иретинде ала албаса керек эле? Биздин билишибизче, 2013-жылдын 11-январында Ошто киши колдуу болуп өлгөн милициянын полковниги, ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Толкунбек Шоноевдин үй-бүлөсүнө 100 000 сом компенсация төлөндү. Санжар Кадыралиевдин өлүмүн анын депутаттык ишмердүүлүгүнө эмес, криминалдык териштирүүлөргө байланыштырып жүргөндөр да бар.