Сыймык Жапыкеев Финполдун төрагасы болуп дайындалды

"Чоң Казат" партиясынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Финполдун басма сөз кызматынан тастыкташты.

"Кыргыз өлкөсүнүн өкмөт башчысынын 2020-жыл, 16-октябрындагы буйругуна ылайык, Жапыкеев Сыймык Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болду", - деп билдиришти мекемеден.

Өмүр таржымалы:

Сыймык Жапыкеев Асылбекович 1977-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган.

Юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, подполковник.

Билими:

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин аяктаган

Эмгек жолу:

2001-2002 – Түп райондук прокуратурасында стажёр тергөөчү;

2002-2004 - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун прокуратурасында улук тергөөчү;

2004-2006 – Балыкчы шаардык прокуратурасынын улук тергөөчүсү;

2006-2007 – Чүй облусунун Ысык-Ата райондук прокуратурасында улук тергөөчү;

2007-2009- Кемин районунун прокурорунун орун басары;

2009-2014- коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын прокурору;

2015-2018- “Кумтор Голд Компани” ААКсынын келишимдик негизде иштеген юрист-жактоочусу;

2017-2020- “КР шахмат” федерациясынын вице-президенти;

Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
bekbol2006
2020-10-17 16:15:57
Молодец Сыймык аке эми кантип иштешти корсотуп кой...
+16
mamamia
2020-10-17 16:20:20
Кухнядакы айткан создорду Эми иш жузундо корсот
+29
Neizvestno777
2020-10-17 16:31:07
Бул чачын ал десе башын алат го эми
+20
Asel69
2020-10-17 17:20:51
Коробуз эми. Кытайдан алган карызды байлардын эсебинен кутулабыз деп жатты эле. Эмнени кыйратаар экен. Кухняга олтуруп алып, баарын жайлам деп жатты эле. Эмесе жанагы ОПГлардан баштагыла.
+20
Agayu
2020-10-17 17:21:10
Сыймык брат кустур эми Гөпөстөрдү
+15
Arzybekkg
2020-10-17 17:34:38
Ишеничти актагыла Эми биздин уят кылбай
+18
Jelezo
2020-10-17 17:35:10
Эми жакшы иште сындоо оңой иштөө оор болот чыда.
+17
AdylbekB84
2020-10-17 18:58:31
Максатыңа жеттиң эми элди ойлоп, айткан сөздөрүңө жооп берип, коррупционерлерди кустуруп кытайдын карызын жаап салчы! 6 ай убакыт берели!
+16
muras111211
2020-10-17 20:44:44
Ушунун жакшы иштээрине деле көзүм жетбейт.
Бийлеп жүрсө анан ушундан кантип жакшы иш күтсө болот.
+7
urmat94
2020-10-17 23:28:35
muras111211, кайсы жерге жазып коюптур бийлегендер иштей албайт деп бул деле Адамда бийлегиси келсе бийлейт
+1
komn47
2020-10-17 21:06:00
Кутобуз Эми Сыймык
+5
tsunse
2020-10-17 21:19:25
Молодец Сыймык, мана бул жигиттин коркпой баарын бетке айтканы жакты. Пример К Жумалиев.
+6
mirkaa5182
2020-10-17 22:09:07
Эми сөз менен эмес иш жүзүндө көрсөтүңчү Сыймык ага.
+4
mira28
2020-10-18 02:26:50
Бакылдап экран артында тукурук чачыратып суйлогон дун баарын Эл колдой берген заман болдуго. Иштеп акыбетин корсоткучо алакан чаппай куто тургулачы. Мактаган кыз тойдо.......болбогула.Ото женил киши, креслого бир аз оор басырык киши олтурса копко жылмак. Жапыкеевтин дебаттагы суроолору ото орчундуу оз ордун тапкан суроолор болуп жатты, а бирок озун колго алалбай айкырып кыйкырып эмоцияга алдырганы дал эле кечээги митингтеги жаш каны суюк токтоло элек 17, 20 жаштагы балдардын турпатын корсотту.
+6
aerforce
2020-10-18 09:53:03
Жумалиевке кыйын болду
+2
take_83
2020-10-18 13:45:30
Жумалиев качып кетпеди бекен
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан