Маалыматка ылайык, 5-октябрь күнү Ош шаарынын 21 жаштагы жашоочусу А.Ш. арыз менен кайрылган.
"Жабырлануучуга 5-октябрь күнү болжол менен саат 11:00 чамасында Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынан 25-30 чамасындагы жаран шериктери менен жолуккан. Алар арыз ээсине белгисиз үлгүдөгү тапанчаны такап, коркутуп өзү менен алып келген 4 миллион 230 миӊ сом акчаны каракташкан. Андан соң өздөрү айдап келген Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаага коркутуп салып, Ош шаарына алып барып таштап, андан ары окуя болгон жерден белгисиз тарапка из жашырып качып кетишкен”, - деп билдирген жабырлануучу.
Териштирүүдө А.Ш.га материалдык жактан ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталып, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
15-октябрь күнү болжол менен саат 20:50 чамасында милиция кызматкерлери аны Ош ОИИБинин тергөө кызматына алып келүү үчүн Кызыл-Кыя шаарына барган учурда милиция кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөнгө аракет жасаган. Анын жанынан Форт-12РМ үлгүсүндөгү ок атуучу курал жана 4 огу менен алынган. Аталган жагдай дагы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Ал эми 26 жаштагы шектүү Ош ОИИБине алынып келген учурда эс-учун жоготуп, милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаардык "Тез жардам" кызматына жеткирилген учурда өзүнө келбей каза болгон. Бул окуя боюнча ошол эле учурда ички иликтөө кызматы тарабынан териштирүү иштери башталган. Ошондой эле маркумдун кандай себеп менен каза болгондугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.