Ат-Башы районунда уурулукка шектелип 3 жаран кармалды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда уурулукка шектелип, 3 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

14-сентябрь күнү жергиликтүү милиция бөлүмүнө Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын тургуну арыз менен кайрылып, минип жүргөн атын тушап койгон жеринен белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин билдирип, таап берүүгө жардам берүүлөрүн суранган. Аталган факты Ат-Башы РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүштүк иши ачылган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары Ат-Башы районунун тургундары 1979-жылы туулган Ш.А. 1996-жылы туулган Ж.У. жана мал уурулук менен мурда сот жообуна тартылган ошол эле райондун тургуну 1980-жылы туулган К.Ж. кармалган.

Шектүүлөр күнөөлөрүн толугу менен моюнуна алгандыктан Ат-Башы РИИБинин убактылуу кармоочу жайына 14-октябрь күнү камакка алынып, Ат-Башы райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылган. Жогорудагы кармалган жарандар башка да кылмышка катыштыгы бар болушу мүмкүн экендиги боюнча ыкчам иликтөө иштери жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан