Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылында алтын-кен ишканасына таандык имараттан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 10:22де Чаткал райондук №79 өрт-куткаруу бөлүмдөн 1 бөлүм, кошумча саат 10:35те Ала-Бука районунан 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган.
Өрт саат 12:30да чектөөгө алынган.