Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда киши өлтүрүүгө шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:45де Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө 26 жаштагы Н.С. учтуу нерседен жараат алып, жансыз денесин Ноокен райондук ооруканасына алып келишкендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге Ноокен РИИБи барып, кара түстөгү бычакты далил буюм катары алган. Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишинин изи сууй электе шектүү катары Ноокен районунун 1993-жылы туулган С.Ш. аттуу жаран кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү жана маркум башка бир топ балдар менен биргеликте талаага эс алууга чыгып, спирт ичимдигин ичишкендиги белгилүү болгон. Анда С.Ш. менен Н.С. экөө ойноп күрөшүп жатып, урушуп кетишкен. Анда С.Ш. ошол жердеги азык-түлүк туураган бычакты эч кимге билгизбей алып, маркумду арткы тарабына бир жолу сайып жиберген. Натыйжада алган жараатынан улам Н.С. окуя болгон жерден ооруканага жетпей каза болгон. Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.