Орусиядагы көпүрө кырсыгы. 139 Кыргыз жараны компенсация алды

Орусиянын Москва облусунун Ступино районундагы логистикалык ишканада жөө адамдар өтүүчү көпүрө кулап, кырсыктан жаракат алган 51 Кыргыз жаранынын бири гана ооруканада. Калгандары айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

"7-октябрдан баштап "ФМ LOGISTIC" ишканасы жабыркаган Кыргыз жарандарына компенсация төлөп баштады. Анда жалпы 160 жаран компенсация алат. Бүгүнкү күндө 139 жаран кенемте алды. Калган жарандар документтерин толуктап жатышат. Бир апта ичинде баары толук алып бүтүшөт. Ал эми ооруканада бир жараныбыз дарылануусун улантууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

27-сентябрь күнү Москва облусунун Ступино районундагы "FM LOGISTIC" логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, 51 Кыргыз жараны жабыркаган. Анын ичинен жаракат алган төрт кыргыз мигранты оор абалда ооруканага жеткирилген. Бактыга жараша, каза болгондор катталган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baha.A
2020-10-19 19:46:44
Канчадан алганы бизге кызык
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан