Бишкектеги Абакан көчөсүндө канализация түтүктөрү тартылгандан кийин жер чөгүп кеткен. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу видео жарыялап, билдирген.
Анын айтымында, көчөдөгү жердин жарым метрдей бөлүгү чөгүп кеткендиктен унаалардын кыймылына тоскоолдуктар жаралды.
Колдонуучу тиешелүү кызматтар тарабынан маселе толук чечиле электигин белгилеген.