Биз социалдык тармакта

Нариман Түлеев: "Шаарыбыз борбор калаа деген макамга жооп берет, өлкөдөн качып кеткендер Бишкекти эстешет"

Бүгүн, 20-октябрда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматтан кетип жатканы боюнча маалымат жыйын берди.

Анда мэрдин милдетин жаңыдан биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеев аткара турганы айтылды.

Түлеевге "Бишкек борбор калаа деген макамга жооп береби?" деген суроо берилди.

"Албетте, жооп берет. Өлкөдөн качып кеткендер Бишкек шаарын эстешет. Жаман болсо да биздин шаарыбыз. Чогулуп өзүбүздүн борборубузду оңдоп кетебиз деп ишенем", - деп жооп берди Түлеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Anikin83
2020-10-20 15:21:17
Урматтуу бийликтегилер, Тулеевтен башка киши табылбадыбы?Жаштардан жокбу,каякты коздой баратабыз
-2
Jacob.
2020-10-20 15:45:33
Anikin83, Бишкектин тарыхында Тулеевтей иштеген адам бар бекен?
Жаштар жаштар дейсиңер ишенген бадириңбашыңар "бийлике жаштар" келиш керек деп эртеси Ашалар менен каша болуп кетишти го...
+10
Shabi
2020-10-20 16:00:52
Jacob.,А эмне чындап эле иштеп кетчу жаштар жок дейсинби,мына ушундай жаштар жаш,тажрыйбасыз деп журуп акыркы 15-20жылдан бери эски карышкырлары мекенибизди тоноп келет.Тулеев дагы жеп кесилип чыкканын эсинерден чыгарбагыла.
+1
Jacob.
2020-10-20 16:08:22
Shabi, Садыр деле кесилип чыкты го, кетиргиле аны деле тең укуктуулук болсун!
+3
Shabi
2020-10-20 21:42:30
Jacob., лично мен садырды бийлеп тоскон фанаттарынан эмесмин.садырды колдогондордун катарында эмесмин
0
Anikin83
2020-10-20 16:17:45
Jacob.Бир жумуш жасаса мамлекеттин акчасына жасады бир аксакал айткандай "уйундогу уюн сатып жасады" дейсинби,бирок анын байлыгын билесинби,Бакиевти атам деп алып кантип байыганын,миллиондорду доллар менен уурдап,сотолгондо 60 миллион сом эле толоп койду
-1
Jacob.
2020-10-20 16:28:32
Anikin83, ошол жерде акча бөлүштүрүп олтурганын көрүпсүң, далилдерин көрсөт да элге алып чыгып. Н.Тулеев жесе жегендир бирок жасаган эмгеги зор эле. Башкалар жеп алып унчукпай эле кетип жатпайбы?!
0
Anikin83
2020-10-20 21:49:00
Jacob.,Жесе эл учун жеди дейсинби,мер болгонго чейин ким эле андан кийинки уй-мулкторун карап кор интернеттен анан тушуносун
+1
Jacob.
2020-10-20 15:48:06
Бакиевтин кадры тиги-бу деп кур намыс кылбагыла, Бакиев жаман болсо дагы Н.Тулеев, М.Мырзакматовго окшогон күчтүү кадрларды тандаган. Ошолор результат көрсөтөткөн...
+7
Anikin83
2020-10-20 16:20:39
Jacob.,Мырзакматов менен Тулеевти салыштырба,Мелистин электорат кучтуу,Тулеевти ким колдойт
-5
bessmertiy
2020-10-20 16:10:40
Элге жакшылык жакпайт экен. Кимдин кадры болсо да иштеп берсе болду да.
+2
Jacob.
2020-10-20 16:18:39
А.Суракматов 2 жылдай иштеди бирок нени кыйратты, неге ошондо "жаштар келсин" деп чыкпадыңар?
Түштөн кийин бийлик алмашып алсызданып эми бутуна тура албай жатса буттан тартасыңар?
+5
Aman_Mansurov
2020-10-20 21:37:26
Бишкекти кооздоп,Бишкекти тез өнүктүргөн ушул Түлеев болчу. Анан АШАнын командасы келип баарын талкалады.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан