УКМК: "Райымбек Матраимов 2 миллиард сом өлчөмүндө чыгымды төлөгөнгө даяр"

УКМКнын маалыматына ылайык, 20-октябрда мекеменин коррупцияга каршы кызматы тарабынан Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун жүргөн жери аныкталып, УКМК имаратына алып келинген.

"Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында ал республикалык бюджетке алдын ала 2 миллиард сомго жакын чыгым келтирилгендиги аныкталган.

Райымбек Матраимовдун күнөөсүн аныктаган далилдердин негизинде, ага Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси ("коррупция") боюнча кылмышка шектүү экендиги тууралуу билдирме берилген.

Райымбек Матраимов тергөө менен кызматташа тургандыгын айтып, республиканын бюджетине келтирген, жогоруда айтылган сумманы толугу менен атайын түзүлгөн графиктин негизинде 2020-жылдын ноябрь айынын аягына чейин төлөп берүүгө даяр экендигин билдирди. Аны менен катар алгачкы 80 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын УКМКнын депозиттик эсебине которду.

Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан анын тергөө менен кызматташтыкка барганы жана келтирилген чыгымдын бөлүгүн төлөгөндүгүн эске алуу менен анын баш коргоо чарасы каралат.

УКМК Бажы органдарындагы коррупциялык схемалардын башка катышуучуларын аныктап, мамлекетке келтирилген чыгымдарды кайтаруу чаралары менен бирге жоопкерчиликке тартуу багытындагы иш-аракеттерин улантат", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан