"30 күн берем!". Садыр Жапаров коррупционерлерге жана мурдагы аткаминерлерге кайрылды (толук текст)

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров расмий билдирүү таратты.

Урматтуу мекендештер! Ушул күндөрү мамлекеттик бийлик бутактарына олуттуу милдеттер жүктөлүп жатат. Анын ичинде президент жана өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан мага өтө чоң жоопкерчиликтүү ыйгарым укуктар берилди. Мындан улам бизге ишеним арткан жалпы журттун жүгүн көтөрүү үчүн бүгүндөн тартып мен расмий түрдө өлкөдө экономикалык амнистия жарыялайм.

Максатым:

- мамлекеттик бюджетти толтуруу, кошумча киреше алуу,

- өлкөдөн чыгып кеткен жана чыгып жаткан мыйзамсыз капиталды кайра кайтаруу,

- оффшордук эсептердеги акчаларды кайрып келүү,

- көмүскө бизнестин ресурстарын толугу менен мыйзамдаштыруу,

- ишкердик чөйрөнүн баарына тең шарттарды түзүү,

- макроэкономикалык оң натыйжаларга жетишүү,

- өлкө экономикасына зарыл болгон каражатты тезинен табуу,

- мамлекеттик тышкы карыздарды төлөө.

Бул максатка жетүү үчүн:

Соңку 30 жыл бою эң кирешелүү тармактар болгон: энергетика, бажы, салык, дары-дармек, лицензия берүүчү, тоо кен жана башка тармактарда:

- өзүнүн коррупциялык схемаларын түзүп, элдин ырыскысын тоноп жүргөн коррупционерлерге,

- ар кандай компанияларга үлүштөргө отуруп алган мурдагы чиновниктерге,

- ири ишканалардын акцияларына рейдерлик жол менен мыйзамсыз ээ болуп алган атка минерлерге,

- салыктарды төлөбөй качып жүргөн жарандарга,

- кирешесин аз көрсөтүп жүргөн ишкерлерге,

- мыйзамдарды бузуп жүргөн чиновниктердин тобуна,

- министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине,

- бажычыларга жана финансисттерге.

30 КҮН УБАКЫТ БЕРЕМ!

Силер, өзүңөр деле, ар бир тармак боюнча коррупциялык схемаларды абдан сонун билесиңер. Аларды өзүңөр ачыкка чыгаргыла. Анын баарын мамлекеттик казынага кайтарып бергиле!

Мамлекеттен алган, казынадан жеп жаткан, жаап-жашырган ар бир тыйынды өз ыктыярыңар менен ордуна койгула.

Мүлкүңөрдү, чыныгы капиталыңарды ачыкка чыгаргыла.

Жетишет!

Азырынча мен силерге убакыт жана мүмкүнчүлүк берип жатам.

Кыска мөөнөттүн ичинде экономикалык мунапыс берүү жана акча каражаттарын, кыймылдуу-кыймылсыз мүлктү мыйзамдаштыруу үчүн укуктук-ченемдик негиздер даярдалат.

Эскерте кетсем, бул иш-чара бир гана жолу болот.

Ошондуктан жогоруда аталган адамдар жакшылап ойлонуп, капиталына жана мыйзамдуу жүгүртүүдөн чыгарылган мүлкүнө мунапыс алуу үчүн ушул учурду колдонуп калышы керек.

Укук коргоо тергөө органдары менен кызматташып, ички инвестиция жасап, акчаларды экономикабызга кайрып бергиле. Ошондо баарыңарга административдик жана экономикалык кечиримдер болот.

Мен декларациялануучу мүлктөр менен кирешенин кол тийбестигине кепилдик берем.

Мүлктү жана кирешени ыктыярдуу түрдө декларациялоо процессинде сыр сакталат.

Эгерде экономикалык амнистияны пайдаланбасаңар, мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт.

Бул элдин талабы!

Бул мага ишенип тапшырган элдин мүдөөсү.

Садыр Жапаровдун коррупционерлерге кайрылуусу (мамлекеттик тилде)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aimani
2020-10-21 16:27:18
Жми алар бир ай ичинде жакшылап катып, арттарын тазалап алышат экен да
+4
lazygirl
2020-10-21 16:53:37
Коррупция менен күрөшөбүз деген сөздү эле укчумун, мурунку президент да айтып жүрчү. Иш жүзүндө ушундай болот турбайбы.
+19
azamat_tabaldiev
2020-10-22 00:27:58
Эми сабыр кылалы мекендештер,дуйнолук коом бизге коз салып турушат дагы кандай болуп кетишет экен деп,80-жылдары туштук Корея деле биз баскан жолду басып отуптур бирок азыр онуккон мамлекет,жеке ойумча азыркы олко башчыларына мумкунчулук бериш керек жок дегенде морально колдоп С.Жапаров деле башынан коп нерсени откорду,менимче чын журогунон аракет кылып атса керек мамлекетти онуктуройун деп.Ото эле саясатташып кеттик окшойт.Андан коро ар бир жаран Кудайдан тилейли ар бирибизге Кудай ынсап берсин
+4
ooki8888
2020-10-22 10:11:57
Президентибиз элдин колдоосуна абдан муктаж, ушуну эсибизден чыгарбайлы.
Коррупционерлер аны жок кылып койууданда артка кайтпайт!!!
+1
Noon
2020-10-22 11:37:43
Буйруса бары жакшы болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан