Ысык-Көл облусунда 26-30-сентябрь күндөрү спорттун 15 түрү боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Айтымында, иш-чарага жаш курагы 18 жаштан жогору болгон 1200 спорт чебери катышары күтүлүүдө. Мелдешти өткөрүүгө Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 227 миң сом каражат бөлүнүптүр. Мелдештин расмий ачылышы 28-сентябрда өтүп, ага облус башчы Эмил Каптагаев катышмакчы. Эске сала кетсек, өткөн жылы бул иш-чара 18-жашка чейинки өспүрүмдөр арасында болгон.