Кыргызстандыктардын көпчүлүгү Бажы биримдигине кошулуунун натыйжаларынан чочулап жатышат. Мындай пикирин Евразия өнүктүрүү банкы жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгынан кийин экономика боюнча эксперт , Каржы министрлигинин алдындагы байкоочу кеңештин мүчөсү Азамат Акелеев билдирди. Калктын 72 пайызы колдойт деген тыянак чындыкка жатпайт деген Акелеев: “Көпчүлүк кыргызстандыктар Бажы биримдигине кошулууда кандай өзгөрүүлөр болорун билбей, натыйжаларынан чочулашууда. Жеңил өнөр жай тармагында иштегендер Казакстан жана Орусиядагы товарлардын көлөмүнөн улам атаандаштыкка туруштук берүүнү жоготуудан чочулап жатат” деп билдирди. Эксперт "Евразия өнүктүрүү банкы бул биримдикке кызыкдар орган болгондуктан изилдөөлөрү объективдүү деп айтууга болбойт" деп кошумчалады ал.