Кыргызстанда тарыхый-маданий мурастарды коргоого жылына 50 миллион сом бөлүнөт

Кыргызстандагы тарыхый-маданий мурастарды коргоого республикалык бюджеттен 50 миллион сом бөлүнөт. Муну ЖКнын 25-сентябрдагы жыйынында маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев айтты. "Бул акча жетишсиз. Бирок кол куушуруп отуруп алганга да болбойт, аракет кылып жатабыз",- дейт министр. Айта кетсек, жыйында “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарга толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралууда. Депутат Бөдөш Мамырова мыйзамга Бишкектин "Ататүрк" сейил багын да киргизүү керектигин айтты. "Азыр сейил бактын аймагынан жер алып коюп карап отурушат. Бир күнү эле заңгыраган үйлөр туруп калууда. Андай үйлөр аркы Түштүк магистралга чейин жетип калды",- деди депутат. Министр бул сунушту эске ала турганын айтты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан