Турсунбек Акун "Батукаевдин окуясы боюнча күнөөлүүлөр кызматтан кетмейинче, мен кетпейм" деп жатыптыр

Азиз Батукаевдин камактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна күнөөлүүлөрдөн баары кызматтан бошотулмайынча мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун жумуштан кетпей турганын билдирүүдө. Муну Жогорку Кеңештин 25-сентябрдагы жыйынында депутат Эсенгул Исаков билдирди. Депутаттын айтымында, мурдагы акыйкатчы ачкачылык кармоону улантып жатат. “Аны менен жолугуп, талаптарын уктум. Баары негиздүү. Ал Батукаевдин бошотулушуна күнөөлүүлөрдөн баары кызматтан бошотулсун, анан мен кетүүгө даярмын деп жатат. Спикер катары аны менен жолугуп, талаптарын угуп коюңуз” деп төрагага кайрылды депутат. Эске салсак, Турсунбек Акун Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда камактан бошотулуусунан кийин айыптуу деп табылып, Жогорку Кеңеш тарабынан июнда иштен бошотулган эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан