Ош. Алматы - Ош шаарларынын жаштары тажрыйба алмашат

4-5-октябрь күндөрү Ош шаарына Казакстандын Алматы шаарынын жаштар иштери боюнча комитетинин кызматкерлери келишет. Курамында мамлекеттик кызматкерлер, спортчулар болуп 15ке жакын өкүл келет. Аларды Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитетинин кызматкерлери күтүп алып, эки тараптуу жолугушуу болот. Анда эки элдин достугу, маданияты талкууланып, кызматтык тажрыйба алмашуулар болору күтүлүүдө. “Ал эми 20-ноябрда биздин кызматкерлер Алматы шаарында болушат”- дейт аталган комитеттин төрагасы Сонунбек Жунусбаев.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан