АКШ кримтөбөл Көлбаевдин кармалышын кубаттады

АКШнын Кыргыз жергесиндеги элчилиги кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кармалышы боюнча билдирүү жасады. Анда АКШ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү Камчы Көлбаевди кармоо боюнча иш-аракеттерин кубаттай турганын билдирери айтылат.

"АКШ Кыргыз өкмөтү коомдук коопсуздук үчүн бул коркунучтуу кылмыштуу лидерди жоопко тартып, камакка алат деп үмүттөнөт.

Көлбаевдин кылмыштуу тармагы Борбор Азияда жайгашкан жана баңги заттарын сатуу, курал-жарак сатуу, адам сатуу, опузалоо жана башка кылмыштуу аракеттер менен алектенет. Анын кылмыштуу тармагы бир катар евразиялык кылмыштуу топтордун лидерлеринен жана мүчөлөрүнөн турган "Brothers’ Circle" кеңири трансулуттук кылмыштуу уюмдун бир тармагы болуп саналат.

2012-жылдын февраль айында АКШнын Финансы министрлигинин (OFAC) аткаруу буйругунун (13581) негизинде, чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы Көлбаевди "Братванын" кызыкчылыгы үчүн же анын атынан иштейт деп таанылган", - деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazarnew
2020-10-22 16:05:44
Өзү ушул черныйларды итке окшоп атып салыш керек, бүтүндөй тазалап салгылачы, пайдасы жок паразиттер булар.
+23
Baiaman997
2020-10-22 16:17:00
США 2млрд доллар бербесе кайра бошотуп жиберебиз хаха
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан