5-6-октябрдагы митингде жаракат алган бейтаптардын биринин абалы өтө оор деп бааланып, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин бейтаптардын абалы менен таанышуу учурунда белгилүү болгонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Бүгүн, 22-октябрда министр Алымкадыр Бейшеналиев митинг учурунда жабыркаган бейтаптардан кабар алуу максатында Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна барды. Аталган медициналык борбордун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, денесинен ар кандай жаракат алган 500дөн ашык жабырлануучу медициналык жардам алуу үчүн борборго кайрылышкан, бардыгына керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлгөн.
Иш сапардын жыйынтыгында, министр жабыркагандарга бардык зарыл болгон медициналык жардамдарды көрсөтүүнү, керек болсо тиешелүү адистердин консультацияларын уюштурууну тапшырды.