Жаш жубайлар арасында үйлөнүү күнү өзгөчө даталарга туш келүүсү маанилүү. Көпчүлүгү өзгөчө датаны жакшылыктарга жорушат. Мындай "бактылуу" даталарда никеге тургандардын саны жыл сайын өсүп жатканы байкалат.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, Кыргыз өлкөсүндө 2020-жылдын 10-октябрында (10.10.2020) 92 түгөйдүн никеси мамлекеттик түрдө катталган. Ал эми 2020-жылдын 20-октябрында (20.10.2020) өлкө боюнча 222 түгөй никесин катташты.
Бишкектеги "Бакыт өргөөсүндө" 2020-жылы 10-октябрда (10.10.2020) 75 түгөй, 20 октябрда (20.10.2020) – 41 жуп никесин салтанаттуу түрдө каттоодон өткөрүштү.
"Бакыт өргөөсү" 1987-жылдан бери жаш жубайлардын мамилелерин мыйзамдаштырып келет.