Ак Үйдүн айланасына дарбаза курчалгандан бери өлкө балээден арылбай койду, аны алып салуу керек. Мындай пикирин депутат Акылбек Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
"Ак Үйдүн баарын ачыш керек, дарбазаны алып, АКШ сыяктуу болушу керек. Ак Үйдө түшкө чейин биз иштесек, түштөн кийин эл саякат кылып чыкса боло тургандай кылыш керек. Анткени ал жакта эч нерсе жок, болгону мына биздин оокат ушул деп көрсөтүп туруш керек. Кыргыздар биз жаман экенбиз, жинибиз келгенде эле баарын талкалап салат экенбиз. Негизи Ак Үйгө ошол дарбаза курчалгандан кийин балээнин баары башталды", - деди Жапаров.
Мындан тышкары ал Ак Үйдү оңдоо үчүн 450 миллион сом кетиши мүмкүн экенин да кошумчалады.
Анын айтымында, 2010-жылдыга төңкөрүштө Ак Үй талкаланганда, аны оңдоого 380 миллион сом кеткен.