Жогорку Кеңеште Ысык-Көлдөгү 18-кылымга таандык чиркөөнү мамлекетке кайтарып алуу сунушталды
Жогорку Кеңештин 25-сентябрдагы жыйынында Ирина Карамушкина Ысык-Көлдөгү 18-кылымга таандык чиркөөнү мамлекетке
кайтарууну сунуштады. Депутаттын айтымында, Ак-Булуң айыл
өкмөтүндө 18 кылымга таандык чиркөө учурда жеке менчикте. “Бул тарыхый-маданий мекеме. Учурда ал жерде жеке менчик
балдар үйү жайгашкан. Мыйзам боюнча жеке меник балдар үйүн ачууга тыюу
салынган. Буларды ким көзөмөлдөйт? Атайын комиссия эмне менен алек болууда. Ысык-Ата курортундагы бассейнди да
басып алышыптыр”,- деди депутат. Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев
буга чара көрүлө турганын белгиледи.