Бүгүн, 23-октябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 41 миллион 591 миң 342 болду. Анын ичинен 28 миллион 266 миң 333 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 135 миң 790 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 8 миллион 404 миң 524 адамдан коронавирус аныкталды. 223 миң адам каза болсо, 3 миллион 353 миң 56 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 7 миллион 706 миң 946 адамдан аныкталды. 116 миң 616 адам каза болсо, 6 миллион 874 миң 518 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 5 миллион 298 миң 772 адам вируска кабылган. 155 миң 403 бейтап көз жумса, 4 миллион 526 миң 393 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.