Кечээ, 29-майда "Исмаил Матраимов" атындагы кайрымдуулук фонду Саламаттыкты сактоо министрлигине 17 жасалма дем алдыруучу аппарат тапшырды.
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов билдиргендей, аппараттар аталган министрликтин балансына берилди.
"Исмаил Матраимов" атындагы фонду медицина мекемелеринде жасалма дем алдыруучу аппараттын жетишсиздигин эске алып, 19 аппарат алып берүү чечими кабыл алынган. Буга чейин биз мекемеге 2 аппарат бергенбиз. Бүгүн болсо 17 аппаратты тапшырдык. Стационарларда дарыланып жаткан бардык жарандардын тезирээк айыгып кетишин каалайм. Бул илдет жер жүзүнөн батыраак жок болуп кетсин", - деди ал.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев Кыргыз өлкөсүндө пандемия башталгандан бери жарандар арасында ооруга чалдыккандардын санынын өсүшү байкалып жатканын белгиледи.
"Ошону менен катар эле медициналык жабдуулардын жетишсиздиги билинди. Катуу ооругандарды сактап калуу үчүн чоң роль ойногон жасалма дем алдыруучу аппарат дагы жетишсиз болуп келген. "Исмаил Матраимов" атындагы фондунун бул жардамы абдан маанилүү", - дейт министрдин орун басары.
Анын айтымында, бардык аппараттар өлкөнүн облустарына бөлүштүрүлүп берилет. "Аппараттар коронавирус жуктуруп алгандарды дарылап жаткан аймактардын ооруканаларына жеткирилет. Бул аппараттар пандемия учурунда эле эмес, башка күндөрү дагы баалуу", - деп Каратаев сөзүн жыйынтыктады.
Белгилей кетсек, "Исмаил Матраимов" атындагы фонд Саламаттыкты сактоо министрлигинин балансына 9 стационардык, 8 мобилдик аппарат тапшырды. Жакында фонд тарабынан 2 аналогиялык аппарат берилген. Аталган кайрымдуулук фонду пандемия башталгандан бери 10 тепловизор, 20 миң экспресс-тест, 250 миң медициналык бет кап, 500 коргоочу костюм, 500 коргоочу көз айнек тапшырган.
Мындан тышкары фонд өзгөчө абал учурунда коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын эсепке 10 миллион сом которгон. Ошону менен катар эле аймактарда жардамга муктаж жарандарга азык-түлүк тараткан. "Исмаил Матраимов" атындагы фонд операцияга муктаж болгондорго дагы жардамын берип келет.