Казакстандын финансы министринен коронавирус аныкталды

Казакстандын финансы министри Ерулан Жамаубаевден коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкен.

"Бүгүн, 18-июнда финансы министри Ерулан Жамаубаевден коронавирус инфекциясы аныкталды. Ал инфекцияны оорулуулар менен байланышта болуп жуктурган. Бирок ал иштөөсүн аралыктан уланта берет. Министр кыска убакытка өзүн-өзү изоляциялоону чечти", - деп жазылган билдирүүдө.

Буга чейин Казакстандын парламентинин депутатынан, саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов жана экс-президент Нурсултан Назарбаевден коронавирус инфекциясы аныкталган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Farra16gsin
2020-06-18 16:17:07
Биздикилерден качан аныкталат экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан