28-сентябрь күнү Орусиянын 1-каналынын эфиринен “Даңк мүнөтү” теле долбоорундагы Атай Өмүрзаков менен “Тумар КР” бий тобунун өнөрү көрсөтүлөт. “Даңк мүнөтү” долбоорунун бул чыгарылышы 2014-жылы Сочиде өтүүчү Олимпиада оюдарына арналып, “Даңк мүнөтү" - Олимпиадага карай жол” деп аталат. Атай Өмүрзаков менен “Тумар КР” бий тобу DupStep багытындагы бий номурун көрсөтөт. Ал эми долбоордун баш байгеси 1 миллион рубль жана Сочидеги Олимпиаданын ачылышында өз өнөрүн тартуулаганга жолдомо. Катышуучуларды Лариса Гузеева, Александр Масляков, Олег Газманов жана Лидия Скобликовалар баалашат.