Мыйзам боюнча Бишкек шаардык мэрдин милдетин аткаруучу дагы деле Нариман Түлеев. Бул тууралуу мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова SUPER.KG порталына билдирди.
"Азыркы күндө мэрия өзүнүн жумушун аткарып жатат. Тилекке каршы, бир нече кишилер бирден келип, мен мэр болом деген учурлар дагы болуп жатат. Биздин экс-мэр Азиз Суракматовдун отставкасын премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кабыл алды. Ал эми Суракматов чыгарып кеткен буйрук боюнча, тагыраагы мыйзам боюнча азыркы учурда мэрдин милдетин аткаруучу дагы деле Нариман Түлеев. Анткени Нариман Түлеев арыз жазган менен премьер-министр ал арызды кабыл ала элек.
Мэрдин кызматкерлери ар ким өздөрүнүн жумуштарын аткарууда, бирок моралдык климат анча эмес. Биз аябай тынчсызданып турабыз, анткени биздин ишенгенибиз премьер-министр Садыр Жапаров арызды алабы же албайбы ошол дагы маселе болуп турат. Биздин шаардын тургундарына туруктуулук керек, жакшы жашоо керек. Биздин ишенгенибиз мыйзамдуулукта", - деп билдирди Гуля Алмамбетова.