Марттан бери Кытай Кыргыз өлкөсүнө 6 миллион доллардан ашык гуманитардык жардам көрсөткөн. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"Кыргыз өлкөсүндө коронавирус инфекциясы жайылып баштагандан бери COVID-19 каршы күрөшүү жана анын кеңири жайылышына жол бербөө максатында кыргыз тарапка Кытай өкмөтү жана башка кытай компаниялары тарабынан гуманитардык жардам тапшырылган. Мамлекет тарабынан март айынан бери Кытай өкмөтү жалпы суммасы 6 миллион 764 миң 605 АКШ долларын түзгөн гуманитардык жардам көрсөткөн", - деп жазылат маалыматта.
Алынган гуманитардык жардам Саламаттыкты сактоо министрлигине, Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриясына, ошондой эле башка мамлекеттик мекемелерге жана республиканын региондоруна берилди.
Апрель айынан июль айына чейин кытайлык жеке компаниялардан гуманитардык жардам келип түшкөн, алсак: «ZIJIN» жана анын Кыргыз Республикасындагы туундуу компаниясы «Алтынкен», ЖЧК «Му Линь Сэнь», «Хуавэй», «Cosco» компаниялары, Пекиндин социалдык өнүгүү жана айлана-чөйрөнү коргоо ассоциациясы жана башкалар. Гуманитардык жардам катары жалпы суммасы 645 миң 41 АКШ долларын түзгөн медициналык коргонуу каражаттары жана экспресс-тесттер тапшырылган.