Өзгөн эли мурунку аким Болот Дыйканбаевдин ордунда калуусун өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдон өтүнүп жатышат. Бул тууралуу алар социалдык тармактарга билдирүүлөрдү жарыялашууда.
“Урматтуу Садыр Жапаров ага, Өзгөн району көп улуттар жашаган аймак, муну сиз жакшы билсеңиз керек. Бизге улуттар аралык мамилени түшүнгөн, аны жөнгө салып, элди ынтымакка чакырып турган киши керек. Болот Дыйканбаев агабыз эң жакшы иштеп жаткан аким. Элдин батасын алган инсан. Анын мындан ары ишин улантуусун суранабыз!”, - деп билдирди Өзгөн районунун жашоочусу.
Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрация башчысы Болот Дыйканбаев 21-октябрда ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Ошол эле күнү анын ордуна Өзгөн районунун мамлекеттик администрация башчысы болуп Руслан Мейматкулов дайындалган.