Айрым маалымат каражаттары Айдар Акаевдин өлүмүнүн себеби тууралуу жазышууда

"Кыргыз өлкөсүнүн туңгуч президентинин уулу Айдар Акаев алкоголдук ичимдиктен жана баңгизатка ууланып каза болду", - деп орусиялык басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, бул жүрөктүн токтоп калышына алып келген.

Айдар Акаев 43 жашында 6-февраль күнү жүрөк оорудан улам каза болуп, 8-февралда Москвада жерге берилген.

Айдар Акаев 1976-жылы 20-февралда Ленинградда төрөлгөн. Үй-бүлөдө экинчи бала, эжеси Бермет, карындашы Саадат, иниси Илим. Фрунзе шаарындагы орто мектепте билим алган. 1998-жылы АКШнын Мэриленд университетинин менеджмент жана бизнес адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

1999-жылы - Казакстандын Бишкектеги "Казкоммерцбанк" ачык акционердик коомунун директору, ошондой эле Алматы шаарындагы "Казкоммерцбанкта" дагы иштеген;

2001-жылдын февраль айынан баштап - Кыргыз Республикасынын финансы министринин кеңешчиси;

2004-жылдын 23-декабрынан 2005-жылдын 30-мартына чейин - Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин жана Бокс федерациясынын президенти;

2005-жылдын 18-январында парламенттик шайлоого катышууга арыз таштап, Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Жеке жашоосу боюнча, 1998-жылы Айдар Акаев Казакстандын президенти болуп турган Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаевага үйлөнгөн. Экөө 2001-жылы ажырашып кеткен. Кийин 2002-жылы алпаруучу Сайкал Чокубаевага үйлөнгөн. Экөөнүн эки, айрым маалыматтар боюнча үч баласы бар. Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кеткенден бери Айдар Акаев да Москвада жашап, иштей турганы айтылып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан