Жакында Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында эркин күрөш боюнча улан кыздар арасында эл аралык мелдеш өттү. Ага Таластан да бир топ спортчулар катышып келишти. Тактап айтсак, Талас шаарынын спортчулары Буркан кызы (38 килограмм) 3-орунга татыса, Саяна Байызова (43 кг) 5-орунду багынтты. Мындан тышкары жигиттер арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Азат Түгөлбай уулу (42 кг) 2-орунду, Мүсүр Жусупбеков (85 кг) 3-орунду ээледи.