Турсунбай Бакир уулу: "Майыптардын пенсиясы өздөрүнүн колуна тийиши керек"
"Кыргызстанда айрым ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар пенсиясына өздөрү ээ боло албай калышууда. Муну көзөмөлгө алыш керек",- деди парламенттин 25-сентябрдагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу. Ал билдиргендей, мындай жарандардын укугу тепселенген фактылар көп катталып жатат. "Мага ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар телефон чалышууда. Пенсиясын үйүндөгү башка бирөөлөр алып, өздөрү иштетип салат экен. Ал тургай бул баары бир өлөт да деп тамак бербей, жуунтпай койгон учурлар болот экен",- деди депутат. Соцфонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев: "Пенсияны ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын уруксаты менен алып жатса, аны кандай пайдалана турганын биз көзөмөлдөй албайбыз",- деди.