Хабиб Нурмагомедов карьерасын жыйынтыктап жатканын айтты

Бүгүн, 25-октябрда UFC 254 турниринин алкагында өткөн беттеште Хабиб Нурмагомедов өзүнүн мыкты экенин дагы бир ирет далилдеп Жастин Гэйтжини утуп алды.

Беттеш 2 раундга созулду, анда Нурмагомедов үч бурчтук ыкмасын колдонгон маалда атаандашы бир саамга уктап калды. Муну менен ал өзүнүн 29-жеңишине жетти.

Беттештин аягында ал атасы каза болгондон кийин бул анын алгачкы беттеши экенин айтып көзүнө жаш алды. Ошондой эле мушкер карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салды.

Хабиб карьерасын жыйынтыктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан