Ош. Облуста “Биз рэкетчиликке каршыбыз!” аттуу акция өтүүдө

Ош облустук ички иштер башкармалыгы облус аймагында “Биз рэкетчиликке каршыбыз!” аттуу акция өткөрүүдө. Иш-чара алгач Кара-Суу районунда мектеп окуучулары арасында жүрүп жатат. Максаты – мектеп окуучуларынын арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу. Буга чейин мектептер арасында спорттук мелдештер уюштурулду. Ошондой эле, мектептердеги рэкетчиликке каршы иш-чаралар тууралуу дубал гезиттердин көргөзмөсү болду. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө Ош ОИИБ жана Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү тарабынан баалуу белектер тапшырылды. Аталган акция дагы улантыларын Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан