Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров: "Ак Үйдү оңдоо иштерине 450 миллион сом кетет экен деген маалымат туура эмес"

Ак Үйдү оңдоо иштерине 450 миллион сом кетет экен деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Бул парламенттик шайлоого жумшалган каражат. Аны Ак Үйдүн чыгымы экен деп адашып айтып жатышат. Аталган имаратты оңдоого көп каражат кетпейт. Кыдырып баарын көрүп чыккам, 10 миллион сомго жетпеген каражат кетет. Тапшырмаларды бердим. Жакын арада оңдоо иштери бүтөт", - деп жазды Садыр Жапаров.

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ: Чек арадагы чыр. Текебаев кызын турмушка узатты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
mateus
2020-10-25 17:38:04
Килейген парламенттин ремонтуна 10 млн эле акча кетсе укмуш арзан го )) азыр 4 бөлмөлүү квартира 10 млн турат го
-15
Scorpion_09
2020-10-25 20:37:35
mateus,анан эмне 450 миллион кетсинби? Сен айткан 10 миллионго мен 10 уй 10 машина сатып Алам ... Калп эле доорубочу...
+10
mateus
2020-10-26 11:51:02
Scorpion_09, Сен өзүң курулуш иштерине катышпаган окшойсуң, Садырдын популисттик сөздөрүнө ишенсең. Ак үйдүн воротасы эле 300000 турат.
-2
Datka7777
2020-10-26 12:41:14
mateus,Ак уйду кайрадан салып аткан жок, демонтаж, реконструкция жасаш керек, ремонт кылыш керек! 130 мин доллар кетет экен, 6-7-8 эле этаждары
0
Kaarman.1989
2020-10-25 17:39:03
Такталбаган маалымат тараткандары да жоопко тартыш керек дардандап ар нерсени жаза беришет
+14
Agayu
2020-10-25 18:25:49
Садыр Жапаровду жаманатты кылгандар абдан көбөйдү .Жэке адамдан баштап Прессалардан бери .Сүйлөгөн сөзүн бурмалап , кийген кийимине чейин .Эл Садырды колдогон , колдойт дагы до конца. Эл баарын билип калды : интернет телефон бар заман .
+18
modem4999
2020-10-25 18:40:04
Иши кылып эки суйлогонунор кобойду, кимге ишенебиз эми.
+7
umarbey
2020-10-25 20:07:59
Bolushu mumkun emes jok degende 45 mln ketet dep aytsaniz bolo uluu urmattuu bashchi.
-5
jigit.paren
2020-10-25 20:44:58
Деги силерге эмне жагат көп айтса да дооруйсунор, аз эле кетет десе да дооруйсунор, эмне деген адам болуп баратасынар? Анегдоттогудай эле болуп калдык эшегин минип алса да сөз кылып жетелеп алса да сөз кылып, пейилибизди ондойлукчу кыргыз элим жакшы үмүт кылып шүгүр кылып жашаганды уйронолучу наалый эле бербей.
+10
jaz99
2020-10-25 21:34:08
Садыр молодец ийгилик ото сонун иш кылтат президент деген ушундай болуш керек
+3
Raihan0602
2020-10-25 23:08:12
Адамдын душманы адам дейт көрө албастыктан арыла албайт экенбиз го.Мүмкүнчүлүк беришпейт окшойт.Провакаторлорго көңүл бөлбөй алга Садыр мырза!!!
+2
Aguwa
2020-10-26 00:05:26
Мындан башка бироо болгондо акчасын 10 эсе коп айтып ортодон акча жемек, рахмат ушул Садырга, эл учун чын дилинен кызмат кылып жатат. А Садырдын кылган ишин коро албаган "корлор" ичи тардык кылып суйлой берет, алардын жузу кара же болбосом берки жеп жутаарлардын жугундусун ичкен бироолор!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан