Садыр Жапаров мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына байланыштуу куттуктоосу

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына байланыштуу куттуктоосу жарыяланды.

"Кыргыздан тарыхый улуу бурулуш кезеңде, сынаакы мезгилде улут тагдырына күйө билген, өз журтун жандан артык сүйө билген Барсбек, Мукамбет-кыргыз (Тагай бий), Ормон, Кубат бий, Алымбек датка, Жусуп Абдырахманов, Абдыкерим Сыдыков сындуу журтбашылар чыккан. Мына ошондой улуу адамдарыбыздын катарында Исхак Раззаков атабыз да бар.

Мына бүгүн көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер, кыргыздын чыгаан инсаны Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленип жатат. Баарыңыздарды бул улуу даталуу күн – Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы менен чын ниетимден куттуктаймын!

Бул биз үчүн маанилүү дата. Исхак Раззаковдун Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бекемделишине орду зор.

Исхак Разаков Кыргыз өлкөсүнүн экономикасынын жана маданиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

Исхак Раззаков социалисттик чарбанын, пландоо тармагынын мыкты адиси болгон.

Ошол мезгилде республиканын өнөр жай өндүрүшүндө иштей билген кадрлар зарыл болуп турган. Тилекке каршы, ал мезгилде андай кадрларды даярдоочу окуу жайлар Кыргыз өлкөсүндө жок болчу. Баары Москва же башка борбордук окуу жайлардан билим алып келишкен. Анын кадрлардын жетишсиздигин жоюу аракети менен борбордук окуу жайларында улуттук кадрларга арналган атайын квота маселеси чечилген, республиканын өзүндө илимий мекемелер, тийиштүү жогорку окуу жайлар ачылган. Мына ошондон тарта өнөр жай тармагындагы тиешелүү кадрдык таңкыстык чечилип, колго алынган.

Исхак Раззаковдун өлкөнүн экономикалык турмушундагы, маданиятты өнүктүрүү жаатындагы иштери дагы тарых бетинде калды. Анын тушунда жогорку жана орто окуу жайлары арбын ачылган, эне тилибизге – кыргыз тилине мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүнгөн, окуучуларга ысык тамак берүү уюштуруу маселеси каралган.

Ошентип Исхак Раззаков кадр маселесине, билим берүүгө абдан чоң маани берген. Мына ушундай иш-аракеттеринен эле анын чыныгы мекенчил болгондугу таасын көрүнүп турат.

Анын ташка тамга баскандай айтып кеткен учкул сөздөрүн бүгүн да туу тутуп, келечеги кең өлкөбүз – Кыргыз мамлекети үчүн таза иштеп берүүгө сөз беребиз.

Бул улуу инсандын жашап өткөн өмүр жолу бизге, баарыбызга чоң күч-кубат берет деп ишенем. Исхак атабыздын бизге багыт берчү сөздөрү баарыбызга дем берип, ар дайым эсибизде болсун. Исхак атабыздын жолун улайлы, бар бололу - бир бололу!" - деп айтылат куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Agayu
2020-10-25 18:37:42
Буюрса сиз дагы биздин пешенебизге Исхак Разаковдой болуңуз.Революция кыла берип шордуу эл дагы болуп бүттүк .Мен көп мамлекеттердин тарыхын окуп чыккам .Баары уруш талаштан , бөлүнүштөн башталып согушка айланып жок болуп кеткен мамлекеттер толтура экен.Эми Садыр агабызга ыйман ынсап берсин ! Эл колдоду : Элди колдогон Өлкө башчы болсо экен .Жанагы кооз сүйлөгөн адамдардын айынан 30 жылыбыз эч качан кооз болбоду. Аны баарыбыз билип көрүп келдик.Бизге ишти эзген инсандар керек .
+8
Tymar
2020-10-25 20:22:17
Agayu,
Садыр кыргызстандын тубуно жетет
-5
Tymar
2020-10-25 20:17:15
Садыр зекти короюн деген козум жок
-5
Mamajanovna77
2020-10-25 20:40:37
Tymar,качан болсо сен негатив жазасын.кимге болсо да.эл бузар окшойсун
+2
nazira...
2020-10-25 22:54:02
Tymar, сеничи, биринчи озунду бмл. Ичин кара, пидр экенсин. Сага окшогондордун айынан кыргызстан онукпой атат.
+3
Scorpion_09
2020-10-25 20:39:51
Садырды коро албаган ,чмолор ... Жээнбековдун соргучтары
+2
Shabi
2020-10-25 22:02:05
Scorpion_09,сен садырдын тансовшиги,бул жакта жээнбеков жонундо соз болгон жок
-3
Deimon1990
2020-10-25 22:39:21
Садырга атака кылгандын ордуна тилиңерди тишиңерге тиштеп эле турсаңар болбойбу.
Ар дайым негатив жазасыңар.Туура ой,пикир деген өлгөнбү.Адамдын пейилине жараша башчы болот.Пейилибиз ушундай болсо жакшы ажого жарымак белек.Садыр элдин акыркы үмүтү.Башка татыктуу деле калган жок.Ушул иттикиндей кыялыбыз,пейилибиз менен Садырдын да түбүнө жетип тынабыз.Пейилиңерди оңдогула.Вирт деп эле жаман сөздөрдү жаза бербей.Аша,Соке жыргаткан жок демек пейилибиз начар элбиз.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан