Садыр Жапаров иш сапары менен Кочкор районуна барды (сүрөттөр)

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусунун Кочкор районуна жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы Кочкор районунун Мантыш айылындагы социалдык шаарчанын пайдубалына капсула салуу аземине катышты, ошондой эле анын курулушунун долбоору менен таанышты.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, социалдык шаарча куруу пландалып жаткан аймак 3 гектарды түзөт. Жер тилкеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна ылайык бөлүнүп берилген.

Социалдык шаарча долбоорунун алкагында өнүккөн инфраструктурасы жана эң алдыңкы шаймандары бар чакан шаарчаны түзүү пландаштырылууда. Муну менен катар долбоордо бала бакча, мектеп, балдар ойноочу аянтча, чакан футбол аянтчасы, ателье, эс алуу багы жана мечит каралган. Ошондой эле ар бири 4 кишилик төрт үй жана эки адамдан турган үй-бүлө үчүн жети турак жай салынат.

Бул долбоорду толугу менен каржылоо Катар Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен «Катар Чарити» кайрымдуулук уюмунун эсебинен пландаштырылып жаткандыгы белгиленди.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана жетим балдарды колдоонун алкагында курулушту 2022-жылга чейин бүтүрүү пландалууда.

Өкмөт башчы Катар Республикасынын элчилигине көрсөтүлгөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирди жана аймактарды өнүктүрүү Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири катары саналарын белгиледи.

"Бул менин аймактарга болгон алгачкы иш сапарым. Ал мен үчүн абдан маанилүү. Айыл жери үчүн мындай объектинин курулушу – бул чоң жаратман процесс, бул жеке мен үчүн да мааниси зор саналат,"- деди президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров.

Андан соң иш-чара катышуучуларын «социалдык кыштактын» макети менен тааныштырышты.

Белгиленгендей, объектинин курулушу бир нече узак мөөнөттүү маселелерди чечет, тактап айтканда, айылга тийиштүү инфраструктура жакшыртылат, жергиликтүү тургундардын катарынан кадрларды тартуу маселеси жайгарылат, ошондой эле жаңы муундун заманбап жабдуулар аркылуу билим алуусуна шарт түзүлөт. Социалдык кыштактын курулушу алкагында айыл тургундарын таза ичүүчү суу менен камсыздоо маселеси чечилмекчи.

Өкмөт башчы бардык күч-аракетин инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жумшай тургандыгын белгиледи.

"Долбоор негиздөөчүлөрү уруксаат документтерин алуусу үчүн жарым жыл убакыт керектелген экен, аталган долбоордон пайда табуу үчүн бюрократиялык тоскоолдуктар жаралган. Биз буга кескин каршы турабыз. Мындайга жол берилбеши керек. Биздин эшик инвесторлор үчүн ар дайым ачык",- деп билдирди Садыр Жапаров.

Андан соң Өкмөт башчы Кыргыз Республикасындагы Катар Мамлекетинин Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси менен биргеликте социалдык кыштактын курулушуна капсула салуу боюнча салтанаттуу иш-чарага катышты.

Жыйынтыгында Садыр Жапаров Катар мамлекетинин Элчилигине эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, калктын колдоосу астында өлкөбүз жакынкы мезгилде өнүккөн мамлекеттердин катарын толуктаарын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Tymar
2020-10-25 21:58:17
Садыр жапаровтун озу билемдик менен дайындап жаткан кадрлары элдин кыжырын келтирип бутту. ###### элдин канын соргон, кошоматчы кадрларды алып келди. Садыр копко турбай калды. Элдин конулу кундон кунго сууп баратат.
-25
Adi010891
2020-10-25 23:16:01
Tymar,жалпы элдин атынан суйлобосонуз тууган
+16
Azat-123
2020-10-26 05:00:19
A Tymar Ичиң күйүп, күйбөгөн жериң күл болуп жатабы? кой эми таарынба
+4
bekhaliev
2020-10-26 08:59:44
Tymar,ото ото начар адам экенсин каякты карабай жаман создорду жазат экенсин, койчу тууганым сабыр кылайлы жакшы нерселерди ойлонойлу
+8
Gulipa
2020-10-26 07:42:45
Түштүккө да көңүл буруу керек,оору курчуп жаткан мезгилде катуу эле буйрук берип,той-аштар токтосун деп чечим чыгарып берсе жакшы болмок.Кислородду областтын жетекчилери жердин түбүнөн болсо да таап келгиле десе иштешмек.Кайра эле карапайым эл өз жаны үчүн күрөшүп жүрөт.Кайран эл
+7
Chungyz
2020-10-26 10:45:12
Кыскасы тажадык баарынан баары аферистер эки жуздуу Жексурлар
-5
mika020495
2020-10-26 11:51:29
Бул менин айылым!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан