Алманбет Анапияев кайрадан Эл аралык алыш федерациясынын президенти болуп шайланды. Муну алыш күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Кабыл Бөрүбаев билдирди. Бөрүбаев Польшада өткөн Дүйнө чемпиондугу башталар алдында эл аралык федерациянын жыйыны өтүп, ага 32 өлкөнүн өкүлү катышканын айтты. Федерация президенттигине Анапияевден башка Индия, Куба сыяктуу бир катар өлкөнүн өкүлдөрү талапкер болушуптур. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 24 добуш менен Анапияев жеңүүчү болду жана федерацияны дагы 4 жыл башкарууга укук алды.
Айта кетсек, Алманбет Анапияев уюшкан кылмыштуу топтун лидери жана кримавторитет Камчы Көлбаевдин жакын адамынын бири экени белгилүү. Көлбаев боюнча учурда Кыргызстанда сот иштери жүрүүдө.